Loading...

Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Венгриялык компаниянын глэмпинг-лагерин ачуу боюнча

2022-ж., 27-июнь
Постту бөлүшүү:

Венгер-Кыргыз Өнүгүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Т.Эркиновдун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бел-Алды айыл өкмөтү өкүлдөрүнүн катышуусунда венгриялык Fulmer Apiary компаниясынын глэмпинг лагеринин расмий ачылышы болду.

“Fulmer Apiary” компаниясынын Кыргыз Республикасына экспедициясынын алкагында компания Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды айылына жакын жайгашкан глэмпинг лагерин куруу менен Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда биринчи долбоорун ишке ашырды. Лагер деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Лагер тоо балын чогултуу процессин уюштуруу жана ишкананын кызматкерлеринин туруктуу жашоосу үчүн курулган. Компания дүйнөдөгү эң мыкты балды жасоону алдына чоң максат коюп жатат. Бүт бал жасоо процессин Европада көрсөтүлө турган кыска метраждуу тасмага тартуу пландалууда. Бул максаттар үчүн Кыргызстанга өзгөчө Венгриядан тартуучу топ келет.

Глэмпинг лагери 4 куполдон турат. Куполдун дизайны улуттук кыргыз боз үйүнүн концепциясына негизделген. Куполдор “Fulmer Apiary” ээси Такач Ференц тарабынан атайын долбоорлонуп, Кыргызстанга Венгриядан жеткирилген. Ар бир купол бардык керектүү шарттар менен жабдылган, анын ичинде электр энергиясы, муздак, ысык суу, даараткана, душ бөлмөсү ж.б. Электр энергиясы энергиянын кайра жаралуучу булактарын, тактап айтканда, күн батареяларын пайдалануу аркылуу камсыздалат.

Фонддун ишинин натыйжасында “Fulmer Apiary” 2022-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачкан. “Fulmer Apiary” Кыргызстандын балын Европа биримдигине экспорттоону пландоодо.

Глэмпинг – туризм секторундагы келечектүү багыттардын бири, ошондуктан “Fulmer Apiary” долбоору өлкөдө биринчилерден болуп саналат жана туристтик потенциалды ишке ашыруу үчүн тажрыйба, билим жана технология алмашуу үчүн үлгү боло алат. Кыргызстандын аймактарында жана башка өлкөлөрдө да ушундай долбоорлорду түзүү.

«Глэмпинг» - бул бардык ыңгайлуулуктары жана мейманкананын толук кызматы менен ачык эс алуу. Жаңы "глэмпинг" сөзү (glamorous camping) деген сөздөн келип чыккан. Биринчи жолу бул түшүнүк Улуу Британияда 2005-жылы пайда болгон.

Мындай долбоорлор кыргыз балынын брендин Европага жайылтууга, ошондой эле Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизүүдө.

Компания жөнүндө: Венгриялык “Fulmer Apiary” компаниясы 1929-жылы негизделген жана балды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча Европадагы лидерлердин бири. Ишкананын Дунаваршан шаарында (Венгрия) жайгашкан, заводу жыл сайын 4 миң тонна балды таңгактайт. Компания балчылар менен түздөн-түз иштөөгө өзгөчө мамилеси менен белгилүү, бул сапатты көзөмөлдөөнүн жогорку деңгээлине жана европалык стандарттарга шайкештигине таасирин тийгизет.

Фонд жөнүндө: Венгер-Кыргыз Өнүгүү Фонду Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Фонд венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүү жана кызматташтыкты орнотуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет.

Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Фонддун уставдык капиталы 16 миллион АКШ долларын түзөт. 2022-жылдын 12-майында Фонд долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялады.