Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду «Майлуу-Сууйский ламповый заводунун» базасында жаңы айнек идиш өндүрүшүнүн ачылышына катышты
2025-жылдын 29-августунда Майлуу-Суу шаарында «Майлуу-Сууйский ламповый заводунун» базасында жаңы айнек идиш өндүрүшүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкер чөйрөнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышышты.
Уюштуруу комитетинин чакыруусу менен Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун (ВКӨФ) Башкармалыктын төрагасынын орун басары Канат Курманов өкүлчүлүк кылды.
Жаңы өндүрүштү ишке киргизүү Кыргызстандын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бүгүнкү күндө завод даярдык иштеринин 98% аяктап, өндүрүштүк кубаттуулукка чыгууга даяр.
Маалымат үчүн: 2024-жылдын март жана август айларында «Майлуу-Сууйский ламповый заводу» Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду тарабынан жалпы 500,0 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алган. Каражаттар мурда Венгриядагы «Tungsram» заводунда колдонулган негизги технологиялык жабдууларды сатып алууга багытталган. 2024-жылдын июнунда биринчи долбоор боюнча сатып алынган жабдуулар Венгриядан жеткирилип, ишкана ишке киргизүү жана сыноо иштерине киришкен. Фонд тарабынан берилген каржылоо заводго өндүрүштүк кубаттуулуктарын олуттуу жаңыртууга жана ички, ошондой эле тышкы рынокто суроо-талапка ээ атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга даярдык көрүүгө мүмкүндүк берди. ВКӨФ өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду туруктуу колдоп, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташууну чыңдоого салым кошууда.