Loading...

Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду VII Кыргыз-Орус экономикалык форумуна катышты

2025-ж., 14-август
Постту бөлүшүү:

2025-жылдын 13–15-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан Baytur Resort & SPA эс алуу борборунда VII Кыргыз-Орус экономикалык форумы ишке ашырылып жатат. Иш-чараны Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду уюштурду. Форум Кыргызстандын жана Орусиянын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулоодо аянт болуп саналат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын, бизнес чөйрөнүн, илимий жана эксперттик коомчулуктун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду тарабынан форумга Директорлор кеңешинин мүчөсү Шаршеева Нагира Ниязбековна катышты.

Форумдун программасы пленардык жыйындарды, тематикалык панелдик талкууларды, В2В жолугушууларды жана көргөзмө-жармаңке экспозициясын камтыды. Талкууланган негизги темалар ЕАЭБдеги санариптик эгемендүүлүк жана технологиялык кооперация, өнөр жай интеграциясы, логистикалык жана соода инфратүзүмүн өнүктүрүү, каржылык чечимдерди санариптештирүү, туризмдин келечеги жана жаңы экономиканын талаптарына жооп берген кадрларды даярдоо маселелерин камтыды.

Панелдик талкууларда санариптик трансформация, инвестиция тартуу, рынокторду кеңейтүү, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган заманбап билим берүү программаларын түзүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Форумдун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну кеңейтүүгө, биргелешкен демилгелерди ишке киргизүүгө жана өнүктүрүү институттарынын ролун стратегиялык экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда күчөтүүгө даяр экендигин билдиришти.