Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин кезектеги жыйыны жөнүндө
27-майында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (мындан ары — ВКӨФ же Фонд) Кеңешинин Төрагасы Сыдыков Бакыт Толомушевичтин төрагалыгы алдында Фонддун Кеңешинин он сегизинчи кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйынга төмөнкү мүчөлөр катышты: • Кеңештин төрага орун басары, Венгриянын Астанадагы Элчилигинин соода кеңешчиси, биринчи катчысы Золтан Нитраи; • Кеңештин мүчөсү, Венгриянын Ташкенттеги Элчилигинин экономикалык маселелер боюнча атташеси Мартон Ковач; • Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин биринчи орун басары Руслан Мырзабекович Суйналиев; • Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинович Эркинов.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча баяндамаларды Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов, анын орун басары Канат Курманов жана Башкарманын мүчөсү Нагира Шаршеева жасашты. Жыйынга чакырылган адистер катары Кредит жана инвестицияларды башкаруу кызматынын адиси Бахтияр Султанов жана Каржы жана аналитика кызматынын менеджери Урмат Кыдырганов катышты.
Жыйындын алкагында төмөнкү негизги маселелер каралды: • Каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү; • Фонддун Башкармасынын 2024-жылдагы жылдык отчёту жана көз карандысыз аудитордук корутунду эске алуу менен 2024-жыл үчүн каржылык отчёт; • 2025-жыл үчүн Фонддун каржылык отчётунун тышкы аудиториясын бекитүү. Талкуунун жыйынтыгында Кеңеш тиешелүү чечимдерди кабыл алып, Фонддун долбоорлорунун туруктуу өнүгүшүн, анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылууга багытталган тапшырмаларды берди.