Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын коммерциялык банктардын жана өнүктүрүү фонддорунун катышуусу менен жеңилдетилген каржылоо маселелери боюнча кеңешмеге катышуу жөнүндө
18-19 февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, райондордун акимдеринин жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Иш-чара аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган жеңилдетилген каржылоонун актуалдуу маселелерин талкуулоого арналган.
Жыйынга негизги каржы институттарынын, анын ичинде капиталына мамлекет катышкан эки коммерциялык банктын, төрт өнүктүрүү фондунун, мамлекеттик камсыздандыруу жана лизингдик компанияларынын өкүлдөрү катышты. Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонддун атынан башкармалыктын төрагасынын орун басары Курманов Канат Маратбекович катышты. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейитов Чоро Сейитович куттуктоо сөзү менен катышуучуларга кайрылды. Ал өз сөзүндө экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун жана аймактардын жашоо сапатын жакшыртуунун куралы катары жеңилдетилген каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө коммерциялык банктар жана өнүктүрүү фонддору каржылоо шарттары боюнча кеңири маалымат беришти. Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Курманов Канат Маратбекович баяндама жасап, анда фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ачып берип, экономиканын түрдүү тармактарындагы долбоорлорду жеңилдетилген каржылоонун мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолду.
Иш-чара тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык потенциалын чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Катышуучулар мындан аркы кызматташууга жана даярдалган долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.