25-апрелде Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду (мындан ары – Фонд) Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган «Алай шырдамалы» этно-фестивалына катышты. Иш-чара климаттын өзгөрүүсүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын демилгеси менен уюштурулду. Фонддун өкүлдөрү катары Башкармалыктын төрагасы Улан Сарбанов жана кредиттик-инвестициялык кызматтын эксперти Амантур Айдаров катышышты.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Коноктор сунушталган продукциялар менен таанышып, мындан аркы каржылык колдоо максатында салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, экологиялык продуктуларды өндүрүү, аарычылык, жүн жана сүт азыктарын өндүрүү, мөмө-жемиш өстүрүү жана экотуризм боюнча чакан долбоорлордун презентацияларына катышышты.
Фестивалдын программасында шырдак жасоо боюнча мастер-класстар жана улуттук оймо-чиймелер менен оймо-чиймелердин мааниси жөнүндө, ар бир буюм кыргыз элинин каада-салттары тууралуу өз тарыхын баяндаган лекциялар камтылган. Ошондой эле, Алай районунан алынып келинген кийизден жасалган буюмдардын, сүт азыктардын жана балдын көргөзмө-сатуусу уюштурулду.