Венгриялык-Кыргыз энергетикалык форумуна катышуу жөнүндө
2023-жылдын 28-ноябрында, Бишкекте биринчи Венгриялык-Кыргыз энергетикалык форуму өттү. Форумду Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги уюштуруп, уюштуруучуга Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду колдоо көрсөттү.
Форумдун максаты энергетика тармагындагы Венгрия менен Кыргыз Республикасынын компанияларынын ортосунда ишкер байланыштарды түзүү болгон.
Чакырылган жыйырма кыргызстандык компаниянын жана уюмдардын ичинен Юнисон Групп, «Кемин Энерджи» ЖЧК, «Метрум ТЭК» ЖЧК, «Альянс Гидро» ЖЧК, «Кайнама ГЭС-2» ЖЧК сыяктуу компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле ГЭСтин курулушуна кызыкдар компаниялардын жетекчилери катышты Көк-Сай жана Коңур-Өлөң ГЭСтери, «Барскоон ГЭС» ЖЧКсы, «Чоң-Ак-Суу-Гидро-Энерго» ЖЧКсы, «Шамшы ГЭС» ЖЧКсы, «Тайм Консалтинг» ЖЧКсы. Венгриялык тараптан төрт компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү, атап айтканда A-Hid Zrt., LUGOS Renewables, Realiscon Kft жана Pólus Kft.
Форумга Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Кыргыз Республикасынын энергетика Министрдин орун басары Талайбек Байгазиев, энергетика министринин кеңешчиси Кундус Кырбашева жана Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонддун Башкармасынын Төрагасы Улан Сарбанов катышты.
Бул форум кызматташуу жана өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана инновациялык технологиялар, туруктуу өнүгүү жана энергияны үнөмдөө жаатындагы иштеп чыгууларын жана тажрыйбасын көрсөтүү үчүн Бишкекке келген венгриялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү. Форумда B2B (бизнестен бизнеске) форматында жолугушуулар өттү.