Loading...

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча экинчи эл аралык конференцияга катышуу жөнүндө

2023-ж., 29-сентябрь
Постту бөлүшүү:

28-29-сентябрда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (мындан ары - Фонд) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча экинчи эл аралык конференцияга (мындан ары - МЖӨ) катышты. Фонддун өкүлдөрү Башкармалыктын төрагасы Сарбанов Улан жана аналитик Айдаров Амантур катышты.

Конференциянын ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал белгилегендей, конференция МЖӨнү жаңы деңгээлге көтөрүүгө, энергетика, билим берүү, транспорт, саламаттыкты сактоо жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик инвесторлорду тартууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы бул иш-чара мамлекет менен жеке бизнестин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызмат кылаарын баса белгиледи. Ал мамлекеттик органдарга МЖӨ боюнча чет элдик тажрыйбаны дыкат изилдеп, биргелешкен долбоорлорду тез арада ишке киргизүү боюнча иш алып баруу өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Кыргызстандагы МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов мамлекет менен бизнестин биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу экономиканы өнүктүрүүдө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууда чечүүчү роль ойноорун баса белгиледи.

Конференциянын баяндамачылары ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын өлкө боюнча директору Чжэн Ву мырза, дүйнөлүк банктын өлкө боюнча менеджери Навид Хасан Накви, Жашыл энергетика Фондунун директору Эмил Орозбаев, МЖӨ боюнча эксперт Эльдар Абакиров жана башкалар болушту.