Loading...

Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жөнүндө

2023-ж., 9-июнь
Постту бөлүшүү:

9-июнда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын имаратында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун атынан башкармалыктын төрагасы Улан Сарбанов жана талдоочу Нурбек Азыгалиев катышты.

Банк тутумунун жана каржы рыногунун кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгиледи: «Учурдан пайдаланып, кыргыз сомун киргизүү процессинде катышкан бардык адамдардын – ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы, ыраматылык Нанаев Кемелбек Касымкуловичтин, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдуманапов Эмил Садыковичтин, премьер-министрлер – Исанов Насирдин Исановичтин жана Чынгышев Турсунбек Чынгышевичтин, вице-премьер-министр Койчуев Турар Койчуевичтин өлчөөсүз эмгегин эскерип, валютаны киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана экономисттерге терең ыраазычылыгымды билдире кетейин».

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Жыйындын соңунда филармониянын алдыңкы артисттеринин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.