Көз карандысыз тышкы аудит компаниясынын ишин баштоо жөнүндө
Бишкек, 5-июнь, 2023-жыл. «Грант Торнтон» ЖЧКсынын аудиторлор тобу Венгерия-Кыргыз өнүгүү Фондунун (мындан ары - Фонд) 2021 жана 2022-жылдарга финансылык отчетуна аудит жүргүзүүнү баштады.
«Грант Торнтон» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгерия-Кыргыз өнүгүү Фонду жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Фонддун Уставына ылайык Фонддун Башкармалыгы тарабынан тандалып алынган жана жактырылган. Бишкек шаарында 2021-жылдын 8-апрелинде түзүлгөн.
Шилтеме:
- Венгерия-Кыргыз өнүгүү Фондун каржылоо шарттары менен Фонддун https://hkdf.kg/frontend/web/application/index сайтынан таанышууга болот.
- «Грант Торнтон» ЖЧКсы жөнүндө маалымат https://www.grantthornton.kg/ сайтында жеткиликтүү.