Венгриянын суу тазалоочу курулмалары менен камсыз кылуу, Кыргызстандын муниципалдык инфраструктурасын жаңылоо
2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов, Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги жана Венгер-Кыргыз өнүгүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы менен жолугушуусу болуп өттү.
Министрдин орун басары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин, ошондой эле бизнес чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү оң динамикага токтолду. Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аянтчасы катары маанилүү ролуна токтолуп, Фонд Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө гана эмес, ошондой эле эки өлконүн ортосундагы экономикалык жана соода тармагында чоң салым кошооруна ишенимин билдирди.
Ошондой эле, экономика Министринин орун басары Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун жаңыдан дайындалган төрагасы Сарбанов Улан Кытайбековичти тааныштырып, анын Кыргыз Республикасынын банк-финансы тармагындагы бай тажрыйбасын белгилеп, бул Фонддун ишине чон салым кошоорун белгиледи.
Жолугушууда ошондой эле суу чарба, ирригациялык системаны жакшыртуу, энергетика, айыл чарба ж.б. тармактарын талкуулашты.
Ошону менен бирге бул маселелерде Венгриянын бай тажрыйбасын эске алуу менен суу тазалоочу курулмаларды жеткирүү, венгриялык технологияларды колдонуу менен муниципалдык инфраструктураны модернизациялоо жаатында кызматташуунун конкреттүү перспективалары талкууланды.
Өз кезегинде элчи мырза кыргыз тарапка эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер комиссиясынын алкагында өнүктүрүүгө болгон аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.