Сарбанов У.К. Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун Төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-майындагы №272-р Тескемесине ылайык. Сарбанов Улан Кытайбекович Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун Башкармалыгынын Төрагасы болуп дайындалды.
Учурда Венгер-Кыргыз өнүгүү фонду Фонддун талаптарына жооп берген долбоорлорго билдирмелерди кароо жана аларды бекитүү, ошондой эле жактырылган долбоорлорду каржылоо боюнча ишин улантууда.
Эскерте кетсек, Фонд тарабынан долбоорлорду каржылоо шарттары башка каржы уюмдарынан айырмаланып, бир топ жөнөкөйлөштүрүлгөн. Насыялар боюнча пайыздык чендер жылына 1,5%дан 7,25%га чейин, каржылоо валютасы АКШ доллары. Каржылоо мөөнөтү 10 жылга чейин, кредиттин максималдуу суммасы 5,0 млн АКШ долларына чейин, комиссиясыз ж.б.
Шарттар тууралуу кененирээк маалымат https://hkdf.kg/ сайтында.