Loading...

Венгриялык ири компания кыргыз балын Европа биримдигине алып келүүгө кызыкдар

2022-ж., 26-февраль
Постту бөлүшүү:

2022-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Джаныбеков А.С. венгриялык Fulmer Apiary соода-өндүрүштүк компаниясы менен кыргыз балын Европа биримдигине экспортоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Венгриялык компания кыргыз балынын сапатын экологиялык жактан таза продукт катары жогору баалап, Европа рыногунда сатуу менен Венгрияга продукцияны импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде министр Аскарбек Джаныбеков республикада бал өндүрүүнүн жогорку потенциалын жана бул тармактын Европа рыногунун жогорку сапаттагы экологиялык таза продукцияга болгон суроо-талабын канааттандырууга даярдыгын белгиледи. Министр ошондой эле кыргыз балын Евросоюзга экспорттоого коюлган тыюуну алып салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын ишендирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Т.Эркинов бул багытта мындан аркы кызматташуунун жана колдоонун маанилүүлүгүн, анын ичинде Фонд тарабынан мүмкүн болуучу каржылоону белгиледи.

"Fulmer Apiary" компаниясы Кыргызстанга Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун чакыруусу менен келген. Компаниянын иш сапарынын алкагында ата мекендик бал экспорттоочулары менен бир катар жолугушуулар, ошондой эле КРнын Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарынын балчылары менен жолугушуулар пландаштырылган.

Маалымат үчүн: Fulmer Apiary 1929-жылы негизделген. Компания бал өндүрүү боюнча Европадагы лидерлердин бири. Балды кайра иштетүүчү фабрика Дунаваршан шаарында (Венгрия) жайгашкан. Ишкана жылына 4000 тонна бал өндүрүп, кайра иштетип, сатат. Бул компаниянын өзгөчөлүгү аарычылар менен түздөн-түз иштешүү, сапатты көзөмөлдөөнүн жогорку деңгээли жана европалык стандарттарга шайкештиги болуп эсептелет.