«Ысык-Көлдөгү пансионаттарга суу тазалоо курулмаларды куруу» Чолпон-Атадагы семинарга катышуу
2022-жылдын 8-сентябрында Венгрия-Кыргыз өнүгүү фонду Чолпон-Ата шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жана КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көмөгү менен уюштурулган «Ысык-Көлдөгү пансионаттарга суу тазалоо курулмаларды куруу» семинарына катышты. Ошондой эле бул семинарга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, саркынды сууларды тазалоочу жайларды камсыздоочулар жана консультанттар жана коммерциялык банктар катышты.
Семинардын негизги максаты курорттордун, пансионаттардын жана мейманканалардын жетекчилерине жана ээлерине тазалоочу жайларды курууга каражат алуунун иштеп жаткан механизмдери тууралуу маалымат берүү болду.
Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун Башкармалыгынын мүчөсү Ханчоро Мурзалиев семинардын катышуучуларына фонддун презентациясы менен тааныштырып, насыя берүүнүн шарттары, карыз алуучулардын критерийлери, пайыздык чен жана каржылоо шарттары тууралуу маалымат берди.
Кошумчалай кетсек, семинарга Венгриянын “Hungarian Water Technology Corporation” (HWTC) компаниясынын өкүлү катышып, алар заманбап тазалоочу курулмаларды куруунун мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары, ошондой эле туруктуу керектөө жана өндүрүштөгү инновациялык өнүгүүлөр тууралуу айтып беришти.
Эске салсак, Фонддун каржылоо шарттары Кыргызстандын каржы рыногунда эң артыкчылыктуу болуп саналат. Насыялар боюнча пайыздык чендер жылына 1,5%дан 7,25%га чейин, каржылоо валютасы АКШ доллары. Каржылоо мөөнөтү 10 жылга чейин, кредиттин максималдуу суммасы 5,0 млн АКШ долларына чейин ж.б.