Loading...

«Евразиялык бизнес клуб» ишкерлер ассоциациясы менен жолугушуу

2022-ж., 12-сентябрь
Постту бөлүшүү:

2022-жылдын 6-сентябрында Венгер-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов баштаган жетекчилиги «Евразия бизнес клуб» ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынга бизнес клубдун 14 мүчөсү катышты. Темирбек Эркинов жыйындын катышуучуларына Фонддун презентациясы менен тааныштырып, насыя берүү шарттары, карыз алуучулардын критерийлери, пайыздык чен жана каржылоо шарттары тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Фонддун Башкармалыгынын Төрагасы Венгер-Кыргыз өнүгүү фондунун веб-сайты менен тааныштырды, анда каржылоого арыздар электрондук түрдө гана кабыл алынаарын билдирди.

«Евразия бизнес клуб» чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө басым жасайт. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, экономиканын кыймылдаткычтарынын бири экенин түшүнүп турабыз, биз катышууга жана ар кандай долбоорлорду каржылоого даярбыз. Венгриялык жабдууларды сатып алуу маселесин мисал катары айтып кетсек болот», - деди Темирбек Эркинов.

«Алдыда чоң долбоорлор турат жана Венгрия-Кыргыз өнүгүү фонду менен кызматташуу долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет деп ишенем. Биргелешип ишкерлер үчүн жеке эле эмес, көп нерсе жасай алабыз», - деди бизнес-клубдун төрагасы Улукман Бапаев.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:

  • бизнес-долбоорлорду, анын ичинде чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө илгерилетүү жана ишке ашыруу;
  • бизнес-клубдун ишкерлери менен Венгриянын ортосунда байланыштарды түзүү;
  • долбоорлорду, анын ичинде инновациялык долбоорлорду каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат берүү;
  • Венгрияда өндүрүлгөн товарларды, кызматтарды жана жабдууларды издөө;
  • рыноктун ар кандай сегменттери боюнча аналитикалык жана статистикалык маалымат алмашуу.

Эскерте кетсек, Фонд тарабынан долбоорлорду каржылоо шарттары башка каржы уюмдарынан айырмаланып бир топ жөнөкөйлөштүрүлгөн. Насыялар боюнча пайыздык чендер жылына 1,5%дан 7,25%га чейин, каржылоо валютасы АКШ доллары. Каржылоо мөөнөтү 10 жылга чейин, кредиттин максималдуу суммасы 5,0 млн АКШ долларына чейин ж.б.