Loading...

“Альянс Алтын” менен кызматташуу

2022-ж., 29-июль
Постту бөлүшүү:

Бүгүн Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов жана “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун максаты - узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү.

«Белгилүү болгондой, «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусун өнүктүрүүгө басым жасайт. Биз буга катышып, ар кандай долбоорлорду каржылоого даярбыз. Мисалы, венгриялык жабдууларды сатып алуу үчүн» - деди Темирбек Эркинов.

«Алдыда чоң долбоорлор турат, аларды ишке ашырууда Венгрия-Кыргыз өнүгүү фонду менен кызматташуу жардам берет деп ишенем. Биргеликте Талас облусуна өзүнчө эмес, көп иштерди жасай алабыз» - деди Сабир Рахматов.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:

  • бизнес долбоорлорду, анын ичинде Талас облусунда кичи жана орто бизнес чөйрөсүндө алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу;
  • жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү;
  • Талас облусунун жана Венгриянын ишкерлеринин ортосунда байланыштарды түзүү;
  • долбоорлорду, анын ичинде инновациялык долбоорлорду каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат берүү;
  • Венгрияда өндүрүлгөн товарларды, кызматтарды жана жабдууларды издөө;
  • рыноктун ар кандай сегменттери боюнча аналитикалык жана статистикалык маалымат алмашуу.