«Кыргызиндустрия» ААК менен стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюлду
2022-жылдын 19-июлунда «Кыргызиндустрия» ААК менен Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол коюлган. Макулдашууга “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов жана Фонддун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов кол коюшту.
Макулдашуунун максаты бизнес-долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кызматташтыктын негизги максаты Венгриядан жабдууларды, кызматтарды жана товарларды издөө, ошондой эле Венгриянын ишкер чөйрөлөрү менен байланыштарды түзүү болуп саналат.
Тараптар инвесторлорду жана өнөктөштөрдү издөөдө кызматташууну, ошондой эле долбоорлорду толук ишке ашырууга чейин коштоп жүрүүнү макулдашты. Бул чаралардын бардыгы жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө, ошондой эле өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Кызматташтыкты чыңдоо үчүн программаларды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландаштырылууда, мындан тышкары күн тартибине инновациялык технологияларды жана продукцияларды киргизүүгө жана ишке ашырууга негиз түзө турган артыкчылыктуу инновациялык долбоорлор боюнча биргелешкен иштердин пландары бар.