Loading...
2022-ж., 5-май
Постту бөлүшүү:

Өз ишинин максаттарына жетүү жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн Фонд төмөнкү функцияларды аткарат:

  • Фонддун регламенттерине жана жол-жоболоруна ылайык каржылоого сунушталган долбоорлорду тандоону жана баалоону жүргүзөт
  • долбоорлорду каржылайт
  • долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кредиттик мекемелерди тандоонун жана каржылоонун шарттарын аныктайт
  • Фонд тарабынан же анын катышуусу менен каржылануучу долбоорлордун аткарылышын контролдойт
  • Фонддун саясатына ылайык кредиттерди тартат, ошондой эле облигацияларды жана башка иш кагаздарын улуттук жана эл аралык финансы рынокторунда жайгаштырат
  • Фонддун саясатына ылайык убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштырат
  • Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенет
  • каржылык жана инвестициялык консалтинг кызматтарын көрсөтөт
  • Келишимде жана Уставда аныкталган Фонддун максаттарына карама-каршы келбеген башка иштерди жүргүзөт