Loading...

Кыргыз Республикасында ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын Улуттук координациялык органынын биринчи жыйыны болуп өттү

2026-ж., 28-январь
Постту бөлүшүү:

2026-жылдын 28-январында Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин овалдык залында Кыргыз Республикасы үчүн 2025–2029-жылдарга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын (ӨӨП) Улуттук координациялык органынын биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйын аралаш форматта өткөрүлүп, жумушчу тилдер катары орус жана англис тилдери колдонулду, синхрондук котормо камсыздалды. Жыйындын модераторлору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жана ЮНИДОнун өкүлү Ыбрайым уулу Жаныбек болушту.

Катышуучуларга куттуктоо сөздөрү менен Улуттук координациялык органды коштөрагалары, анын ичинде Торобаев Бакыт Эргешевич, ошондой эле ЮНИДОнун жетекчилиги жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү кайрылышты. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук координациялык орган жөнүндө Жобо бекитилип, Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын негизги элементтери, 2026-жылга карата негизги иш-чаралар жана ӨӨП алкагында ресурстарды мобилизациялоо ыкмалары боюнча презентациялар сунушталды. Жыйынга Венгр–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ВКӨФ) атынан Башкармалыктын төрагасынын орун басары Канат Курманов катышты.

Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарга жана агроөнөр жай, санариптештирүү, экология, энергетика, текстиль жана фармацевтика тармактарындагы долбоордук демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана ЮНИДОнун эксперттери тармактык долбоорлорду жана пландаштырылган иш-чараларды тааныштырып, андан соң талкуу жүргүзүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Улуттук координациялык органды биринчи жыйыны ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасын Кыргыз Республикасында 2025–2029-жылдар аралыгында институционалдык негизде ишке киргизүүдөгү маанилүү кадам болду.