Loading...

2026-жыл үчүн Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмду тандоо конкурсу тууралуу Кабарландыруу

2026-ж., 23-январь
Постту бөлүшүү:

Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (мындан ары – Фонд же ВКӨФ) 2026-жыл үчүн Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү кызматын көрсөтүү боюнча аудитордук уюмду тандоо үчүн ачык конкурс жарыялайт. Бардык кызыкдар талапкерлер өз конкурсдук арыздарын 2026-жылдын 6-февраль чейин, саат 18:00гө (GMT+6, Бишкек убактысы) info.hkdf.kg электрондук дарегине «Каржылык отчеттуулукка аудит жүргүзүү кызматы» деген теманы көрсөтүү менен жөнөтө алышат.

Конкурстун бардык шарттары тууралуу толук маалымат Фонддун расмий сайты www.hkdf.kg жана ачык конкурс катышуучуларына арналган Аудитордук уюмга коюлуучу талаптар боюнча чакырууда (тиркемедеги файлдарда) көрсөтүлгөн. Кошумча маалымат алуу үчүн жумуш күндөрү 09:00–12:00 жана 13:00–18:00 убакыттарында төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот: +996 312 626 342 / +996 501 45 43 45, бирок арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 иш күнүнөн кеч эмес.

  • Анкета участника
  • Техническое задание