IFCнын жумушчу тобу Венгер–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен жолугушуу өткөрдү
Эл аралык Финансылык Корпорациянын (IFC) жумушчу тобу Венгер–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен жолугушуу өткөрдү. Делегациянын курамына Кыргызстанда жеке сектордук инвестицияларды күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча иш алып барган IFCнин улук кызматкерлери жана тармактык адистери кирди.
Эксперттик топ текстиль өнөр жайы, багбанчылык, туризм жана балык чарбачылыгы боюнча аналитикалык иш башталганын белгиледи. Миссиянын максаты — инвестициялык тоскоолдуктарды аныктоо, тармактардын потенциалын баалоо жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо.
Фондго болгон сапардын алкагында IFC өкүлдөрү бул тармактардагы долбоорлорду каржылоо боюнча Фонддун практикалык тажрыйбасы менен таанышып, техникалык деңгээлде мындан аркы кызматташууну талкуулашты.
Фонд тараптан жолугушууга Башкармалыктын Төрагасы Улан Сарбанов, Башкарманын мүчөсү Нагира Шаршеева, Финансылык жана аналитикалык кызматтын менеджери Урмат Кыдырганов жана Кредиттөө жана инвестициялоо кызматынын эксперти Мээрим Чыныбекова катышты. IFC делегациясына Фонддун колдоонун иштеп жаткан программалары, тармактык приоритеттери жана каржылоону кеңейтүү боюнча пландары сунушталды.