Loading...

«Кыргызнефтегаз» инвестициялык форумуна катышуу тууралуу»

2025-ж., 9-декабрь
Постту бөлүшүү:

Бүгүн Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык компанияларды, тармактык адистерди жана инвесторлорду бириктирген «Кыргызнефтегаз» Инвестициялык форуму болуп өттү. Иш-чара Кыргызстандагы мунай-газ тармагынын учурдагы абалына жана өнүгүү перспективаларына, ошондой эле «Кыргызнефтегаз» ААКсынын инвестициялык долбоорлорун таанытууга арналды.

Форум компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу видео менен ачылып, андан кийин «Кыргызнефтегаз» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Расмий бөлүгүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, тармактагы негизги лидерлер жана чет элдик өнөктөштөр да сөз сүйлөп, кызматташуунун мындан аркы багыттары жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз пикирин билдиришти.

Иш-чаранын алкагында инвестициялык багыттардын презентациясына өзгөчө көңүл бурулду — эксплуатациялык скважиналарды бургулоо, иштеп жаткан объектилерге капиталдык оңдоо жүргүзүү жана жаңы лицензиялык аянттарда геологиялык чалгындоо иштерин аткаруу. Форумдун жүрүшүндө компаниянын жетекчилигинин, техникалык адистердин жана тышкы экономикалык байланыштар департаменттеринин катышуусунда панелдик талкуу жана суроо-жооп сессиясы өттү. Венгерско-Кыргыз өнүктүрүү фондунан бул иш-чарага Башкармалыктын мүчөсү Нагира Шаршеева катышты.