Манас Экспо 2025" эл аралык соода жана инвестициялык форумуна катышуу жөнүндө
2025-жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Манас Экспо – 2025» эл аралык соода-инвестициялык форуму өз ишин баштады. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, инвестициялык фонддордун, соода-өнөр жай палаталарынын жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.
Форумдун максаты — эл аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду колдоо, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана ар кайсы мамлекеттердин ишкерлеринин ортосундагы бизнес байланыштарды чыңдоо. Иш-чаранын алкагында пленардык жыйындар, тематикалык сессиялар жана B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү.
Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан төмөнкү өкүлдөр катышышты: • Мелис Кыштообеков — Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасап, анын негизги багыттарын, ишке ашырылып жаткан долбоорлорун жана венгриялык инвесторлордун Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады; • Мээрим Чыныбекова — ишкерлер менен B2B форматындагы жеке консультацияларды өткөрүп, Фонддун каржылоо программалары жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
«Манас Экспо – 2025» форумы инвестиция жана чек аралык соода тармагында Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары таанытууга жана эл аралык экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болду.