Loading...

Венгрия-Кыргызстан тамак-аш өнөр жай форуму

2025-ж., 5-ноябрь
Постту бөлүшүү:

2025-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында, «Будапешт» конференц-залында Венгерия-Кыргызстан Тамак-аш Өнөр жай Форуму болуп өттү. Бул иш-чара Венгерия менен Кыргыз Республикасынын компанияларынын ортосундагы ишкердик байланыштарды түзүү жана тамак-аш өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Форум Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиевдин куттуктоо сөздөрү менен ачылды.

Венгерия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондун иш-чарада Башкармалыктын төрагасы Улан Сарбанов жана Башкармалыктын төрага орун басары Канат Курманов өкүлчүлүк кылышты. Форумдун расмий бөлүгүндө Улан Сарбанов Фонддун ишмердүүлүгүнө жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча колдоо багыттарына арналган презентация жасады.

Программанын жүрүшүндө венгриялык Maurer Gép Kft., Pi Vision Holding Cozrt (Kavali соода белгиси) жана Unimatik Kft. компаниялары өздөрүнүн чечимдерин жана технологияларын тааныштырып, тамак-аш өнөр жайы үчүн заманбап жабдууларды жана технологияларды көрсөтүштү. Иш-чара бир катар B2B жолугушуулары менен аяктады, анда кыргыз жана венгр ишкерлери өнөктөштүк, технология алмашуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.