Loading...

Улуттук өнүктүрүү форумуна 2030 катышуу жөнүндө

2025-ж., 31-октябрь
Постту бөлүшүү:

30-октябрында "Ынтымак Ордодо" 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү форуму болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары талкууланды.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык миссиялардын башчылары, эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү жана эки тараптуу өнүктүрүү институттарынын жетекчилери катышты. Форумда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Улан Сарбанов катышты.

Форумдун максаты - Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүү үчүн өкмөттүн, бизнестин жана эл аралык институттардын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө. Иш-чаранын жүрүшүндө донордук коомчулуктун өкүлдөрү жогоруда айтылган программаны ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин Иш-аракеттер планын колдой тургандыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн: Министрлер Кабинетинин 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү форумунун иши боюнча маалыматын бул шилтемеден тапса болот: https://www.gov.kg/ky/post/s/25756-adylbek-kasymaliev-olkonu-2030-zylga-ceiin-onukturuunun-uluttuk-forumunda-prezidenttin-zany-kyrgyzstandy-kuruu-ideyasy-iske-asuuda