Loading...

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV Эл аралык конференцияга катышты

2025-ж., 27-октябрь
Постту бөлүшүү:

2025-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин аянтчасында «Мамлекет жана бизнес: күчтүү өнөктөштүк үчүн синергия» деген ураан алдында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча IV Эл аралык конференциянын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын, ишкер чөйрөнүн жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан конференциянын ишине Башкаруу төрагасынын орун басары Канат Курманов катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми инвестицияларды тартуунун жана инновацияларды ишке ашыруунун натыйжалуу куралы болуп калганын белгиледи. Конференциянын жүрүшүндө МЖӨнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары, мамлекеттик органдар, эл аралык каржы институттары жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлор ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын катышуучулары өзгөчө көңүлдү «жашыл» инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, долбоорлорду ишке ашыруунун ачыктыгын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында эл аралык кесиптик коомчулукту түзүүгө багытталган маселелерге бурушту. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду мындай иш-чараларга катышууну эл аралык кызматташууну чыңдоонун жана Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүү мүмкүнчүлүгү катары карайт.