Loading...

Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин отуруму жөнүндө

2025-ж., 20-октябрь
Постту бөлүшүү:

17-октябрда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 5-жыйынына катышты. Кеңешке Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петр Сийярто жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Кулубаев Жээнбек Молдоканович тең төрагалык кылышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин азыркы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, буга чейинки 4-жолугушуунун жыйынтыгын чыгарышты. Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов фонддун ишинин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу өзүнчө баяндама жасады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки документке кол коюлду: венгер-кыргыз стратегиялык кеңешинин 5-жыйынынын Протоколуна жана 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Жол картасы.

Маалымат үчүн: жаңылыктарды шилтемеден көрүңүз https://mfa.gov.kg/kg/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/prikreplennye-novosti/ministr-zheenbek-kulubaev-i-ministr-vneshneekonomicheskih-svyazey-i-inostrannyh-del-vengrii-peter-siyyarto-proveli-pyatoe-zasedanie-kyrgyzsko-vengerskogo-strategicheskogo-soveta