Loading...

Венгрия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин кезексиз жыйырма биринчи жыйыны жөнүндө

2025-ж., 2-октябрь
Постту бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (мындан ары – ВКӨФ же Фонд) Кеңешинин төрагасы Бакыт Толомушевич Сыдыковдун жетекчилиги алдында Фонддун Кеңешинин кезексиз жыйыны – жыйырма биринчи жыйын болуп өттү.

Жыйынга төмөнкүлөр катышты: Кеңеш төрагасынын орун басары, Венгриянын Ташкенттеги элчилигинин экономикалык маселелер боюнча атташеси Мартон Ковач; Кеңештин мүчөсү, Венгриянын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун экономикалык маселелер боюнча атташеси Давид Батари; Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин биринчи орун басары Руслан Мырзабекович Суйналиев; Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин орун басары Темирбек Эркинович Эркинов.

Күн тартиби боюнча докладдарды ВКӨФтүн Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов, анын орун басары Канат Курманов жана Башкармалыктын мүчөсү Нагира Шаршеева жасашты.

Жыйынга эксперт катары чакырылган адистер: Бахтияр Султанов (Кредит жана инвестицияларды башкаруу кызматы) жана Урмат Кыдырганов (Финансы жана аналитика кызматы).

Кеңеш тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды: а) чакан ГЭС куруу долбоору боюнча субкредиттин максаттуу багытын өзгөртүү; б) «Ички көзөмөл тууралуу жобону» бекитүү.

Ошондой эле Кеңештин мурдагы чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы каралып, төмөнкү чечимдер кабыл алынды: - ААК «Кепилдик фонду» менен кызматташтык келишимин түзүү; - убактылуу бош каражаттарды ААК «Элдик Банк» жана ААК «Айыл Банкка» жайгаштыруу.

Кабыл алынган чечимдер долбоорлордун туруктуу өнүгүшүнө, ички бизнес- процесстерди жакшыртууга жана каржы институттары менен кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.