Loading...

Венгер–Кыргыз Өнүктүрүү фонду Bishkek Snow Leopard Run 2025 марафонуна катышты

2025-ж., 21-сентябрь
Постту бөлүшүү:

Бишкекте өлкөнүн башкы марафону — Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa ийгиликтүү болуп өттү. Эл аралык кайрымдуулук марафону миңдеген катышуучуларды бириктирип, борбордун негизги көчөлөрү менен — Чүй проспекти, Ю. Абдрахманов көчөсү, Резиденциянын (ВДНХ) аймагы.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 Жарлыгы менен илбирс өлкөнүн улуттук символу катары бекитилген. Бул чечим илбирсти коргоо, аны даңазалоо жана маданий дипломатияда пайдалануу боюнча аракеттерди бириктирүүгө багытталган. Ушул Жарлыктын негизинде Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын колдоосу менен Эл аралык Илбирс күнү белгиленген.

Бул демилгени колдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында Венгер–Кыргыз Өнүктүрүү фондунун жамааты да марафонго катышты. Фонддун кызматкерлери мындай иш-чараларга катышуу корпоративдик духту бекемдеп гана тим болбостон, спорттун, биримдиктин жана жаратылышка кам көрүүнүн баалуулуктарын жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.