Loading...

Будапештте “Кыргыз-Венгер экономикалык кызматташтыгы” Кыргыз-Венгр бизнес форуму өттү

2022-ж., 16-июнь
Постту бөлүшүү:

2022-жылдын 15-июнунда Будапешт шаарында “Кыргыз-Венгер экономикалык кызматташтыгы” аттуу кыргыз-венгр бизнес форуму өттү. Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министринин орун басары Каталин Бихари куттуктоо сөздөрүн айтышты. Элчи Т.Кушчубеков ачылыш сөзүндө Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен түз байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары К.Бихари кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө эки тараптын умтулуусун белгиледи.

Форум Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун ишке киришине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалына жана чакан жана орто ГЭСтерди куруудагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө арналды. Венгер-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов форумдун катышуучуларына сөз сүйлөп, экономиканын приоритеттүү тармактары жана фонддон каражат алуу шарттары тууралуу айтып берди. Ошондой эле, КР Энергетика Министрлигинин энергияны үнөмдөө жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Миргул Аскарова өлкөнүн суу потенциалы менен тааныштырып, чакан жана орто гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди. Форумда ошондой эле ГЭСтердин курулушу, Кыргыз Республикасынын бул багыттагы мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары жана ГЭСтердин өзүн актоо мөөнөтү боюнча баяндамачы катары чыгып сүйлөдү.

Форумга кыргыз өнөктөштөрү менен машина куруу, энергетика, айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, балык чарбасы, курулуш жана экономиканын башка тармактарында кызматташууга кызыгуу болгон 40тан ашык венгриялык компаниялар катышты. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн суроолорун берип, аларга квалификациялуу жоопторду алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын алкагында конокторго түшкү тамак уюштурулуп, белгилүү кыргыз музыканты Бакыт Чатырбаевдин (кыл-кыяк) аткаруусунда кыргыз күүлөрү жаңырды.