Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Нарын облусуна болгон иш сапарга катышты
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы №178 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттиги Нарын облустук администрациясы менен биргеликте 2025-жылдын 1–3-сентябрында Нарын облусуна иш сапар уюштурду.
Иш сапардын жүрүшүндө инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланып, жергиликтүү мамлекеттик бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иш-чарага катышуу үчүн Кредиттөө жана инвестициялоо кызматынын эксперти Мелис Кыштообековду жөнөтүп, ал Фонддун ишмердүүлүгүн тааныштырып, ишкерлерге каржылоо жана инвестициялык колдоо маселелери боюнча консультацияларды берди.
Фонддун мындай иш-чараларга катышуусу региондогу ишкерлер менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жайылтууга багытталган.
Маалымат үчүн: • Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы менен https://mineconom.gov.kg/ru/post/10836 аркылуу таанышууга болот; • Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоо шарттары менен https://www.hkdf.kg/frontend/web/application/index аркылуу таанышууга болот.