Loading...

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсе бөлмөлөрүнө ремонт иштерин жүргүзүү үчүн подряддык уюмду тандоо боюнча ачык конкурсту кайталап өткөрүү жөнүндө жарыя

2025-ж., 23-июль
Постту бөлүшүү:

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары — Фонд же ВКӨФ) өзүнүн кеңсе бөлмөлөрүнө ремонт иштерин жүргүзүү үчүн подряддык уюмду тандоо боюнча ачык конкурсту кайталап жарыялайт.

Конкурс ишине бардык кызыкдар уюмдар катышууга чакырылат. Конкурстук сунуштар 2025-жылдын 1-августуна чейин, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин (GMT+6, Бишкек) info@hkdf.kg электрондук почтасына кабыл алынат.

Каттын темасында сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: «Кеңсе бөлмөлөрүн оңдоо». Конкурс жөнүндө кеңири маалымат, иштердин көлөмү жана техникалык тапшырма Фонддун расмий сайтында — www.hkdf.kg, ошондой эле катышууга чакыруу каты менен бирге (тиркемедеги документтерде) берилген.

Кошумча түшүндүрмөлөрдү иш күндөрү саат 09:00дөн 12:00гө жана 13:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот: +996 312 626 342 / +996 999 626 342, бирок арыз тапшыруунун акыркы күнүнө үч жумуш күн калганда кеч эмес.

  • Приложения_№1,2,3,
  • ТЗ_ремонт_офиса_ВКФР