Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу жөнүндө
2025-жылдын 7-июлунда Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (ВКӨФ) кеңсесинде Дүйнөлүк банктар тобуна кирген Эл аралык каржы корпорациясынын (ЭКК же IFC) делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
ЭКК тарабынан жолугушууга Кыргыз Республикасындагы IFC өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко, инвестициялар боюнча улук эксперт (агробизнес жана кызмат көрсөтүүлөр; Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия, Түркия, Пакистан жана Ооганстан) Бозор Давлатмамадов жана консультант Эркин Асрандиев катышты. ВКӨФ тарабынан Жолугушууга Башкармалыктын төрагасы Улан Сарбанов, Кредиттөө жана инвестициялоо кызматынын эксперти Мээрим Чыныбекова жана Кредиттик жана инвестициялык иштерди администрлөө кызматынын эксперти Бахтияр Султанов катышышты.
Жолугушууда тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешип каржылоо механизмдерин талкуулашты. ЭКК өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жеке секторду колдоо куралдары тууралуу маалымат беришти.
ВКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын бекитилгенин маалымдап, эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Фонддун негизги артыкчылыктарына токтолуп өттү: кыргыз-венгр экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана кыргыз менен венгр ишканаларынын өз ара кызыкчылыгына туура келген долбоорлорду каржылоо. Мындан тышкары, ВКӨФ аркылуу каржылоого коюлуучу талаптар жана шарттар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өтүп, мындан аркы кызматташтыкка болгон өз ара кызыгуу тастыкталды.