Фонддун IV Түрк Агро форумуна катышуусу жөнүндө
Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (мындан ары – Фонд) Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин IV жыйынынын алкагында өткөн IV Түрк Агро форумуна катышты. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Байтур» пансионатында өттү.
Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары Б.Э. Торобаев, катышуучу өлкөлөрдүн делегация башчылары жана ТМУнун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
Андан ары катышуучулар тамак-аш өндүрүү жана соода, логистика, таңгактоо жана сертификаттоо боюнча актуалдуу маселелерди камтыган тематикалык сессияларда ишин улантышты. Соода тоскоолдуктарын азайтуу, сатуу базарларын кеңейтүү жана агроөнөр жай продукцияларына байланыштуу логистикалык жана сертификаттык талаптар боюнча тажрыйба алмашуу талкууланды.
Фондду форумда башкармалыктын төрага орун басары Канат Маратбекович Курманов тааныштырды. Анын катышуусу Фонддун ТМУ мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого, анын ичинде айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыгуусун көрсөттү.