«Инвестициялык форум 2025» катышуу жөнүндө
Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уюштурган “Инвестициялык форум-2025” өттү. Форумду министрдин биринчи орун басары Жаныбек Калканович Керималиев ачып, өлкөнүн агро өнөр жай тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн инвестициянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Иш-чарада төмөнкү багыттар боюнча негизги инвестициялык долбоорлор сунушталды:
Ата мекендик компаниялар жана технология жана каржы тармагындагы эксперттер өздөрүнүн долбоорлорун жана чечимдерин көрсөтүштү. Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунан форумга башкармалыктын төрагасынын орун басары Канат Курманов катышып, фонд кызматташууга жана айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду колдоого даяр экенин белгиледи.
Форумдун алкагында B2B форматындагы жолугушуулар, тегерек столдор жана иштиктүү байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга шарт түзгөн формалдуу эмес маданий программа камтылган. Форум Кыргызстандын агроөнөр жай потенциалын илгерилетүү жана инвесторлор менен кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.