Loading...

Бишкек эл аралык каржы форумуна BIFF-2025 катышуу жөнүндө

2025-ж., 30-май
Постту бөлүшүү:

30-май, 2025-жыл

Бишкекте “Инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүгүү: финансылык экосистеманын келечеги” темасына арналган BIFF-2025 Бишкек Эл аралык каржы форуму аяктады. Иш-чара бир катар мамлекеттерден каржы, технология, мамлекеттик саясат жана эл аралык кызматташуу жаатындагы алдыңкы эксперттерди чогултту.

Катышуучуларга куттуктоо сөздөрү менен төмөндөгүлөр кайрылышты: • Касымалиев Адылбек Алешович, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси; • Мелис Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; • Евгений Лисняк, Visa компаниясынын улук директору, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Кавказдагы стратегиялык өнөктөштүк, финтех жана биргелешкен долбоорлор департаментинин жетекчиси; • Валерий Зубанов, Касперский лабораториясынын Борбордук Азиядагы жана Монголиядагы башкаруучу директору.

Баяндамачылар туруктуу өнүгүүнүн, санариптик трансформацияны күчөтүүнүн жана заманбап, коопсуз жана жеткиликтүү финансылык чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун атынан форумга башкармалыктын төрагасынын орун басары Канат Курманов катышты.

Пленардык жыйында финансы секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары каралды: • каржылык транзакцияларда AI, блокчейн жана чоң маалымат технологияларын колдонуу; • киберкоопсуздук жана санариптик тобокелдиктерди башкаруу; • санариптик чечимдер аркылуу финансылык инклюзияны камсыз кылуу; • санариптик активдерди жана аларды жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу; • мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо. • жеке адамдар жана чакан жана орто бизнес үчүн санариптик төлөмдөр; • санариптик активдерди жана крипто рынокторду өнүктүрүү потенциалы; • киберкоркунучтар жана алдамчылыкка каршы туруу.

Виртуалдык активдердин укуктук жана ченемдик аспектилери талкууланган CBATS жыйыны өзгөчө кызыгууну жаратты. Жыйынга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түндүк Кипрдин банк ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.