II Венгер-Кыргыз суу технологиялар форуму жөнүндө
Бишкекте, Венгриянын Кыргызстандагы Элчилигинин «Будапешт» конференц-залында Венгрия менен Кыргызстандын профилдик компанияларынын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү максатында уюштурулган II Венгер-Кыргыз суу технологиялары форуму өттү.
Форумдун ачылышында төмөнкүлөр куттуктоо сөзү менен чыгышты: Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары Жольт Мариш жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Кочкорович Анаркулов.
Форум эки өлкөнүн профилдик ишканаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, алдыңкы технологияларды презентациялоо жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн платформа болуп калды. Венгрия тараптан суу секторунун алдыңкы компаниялары – H2O Consortium, A-Hid Zrt., Realiscon Kft., Water & Soil, Art Work Design Kft. катышты. Аталган компаниялардын жетекчилери Чыгыш Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу презентацияларды жасап, өндүрүлгөн жабдуулар жана колдонулган заманбап технологиялар жөнүндө маалымат беришти. Иш-чаранын алкагында Grundfos компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Адилет Абдыбеков да сөз сүйлөп, Венгриядагы заводдо өндүрүлгөн жабдуулар тууралуу видеопрезентацияны тартуулады.
Венгер-Кыргыз өнүгүү фондунан форумга башкармалыктын төрагасы Улан Сарбанов катышып, каржылоо шарттары боюнча презентация жасады, ошондой эле башкармалыктын төрагасынын орун басары Канат Курманов да катышты.
Форумдун жыйынтыгында Венгриянын Water & Soil компаниясы менен «Манзини» өндүрүштүк жана тейлөө кооперативинин ортосунда айыл чарбасында сууну пайдалануунун заманбап технологиялары боюнча кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин ырастаган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Мындан тышкары, венгер жана кыргыз тараптардын катышуучуларына В2В жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилди.
II Венгер-Кыргыз суу технологиялары форумунун өткөрүлүшү эки өлкөнүн суу ресурстары, туруктуу айыл чарба жана профилдик технологиялык чечимдер чөйрөсүндө практикалык кызматташууга кызыкдарлыгын жана даярдыгын көрсөттү.