Кезексиз он жетинчи Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин жолугушуу
Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин (мындан ары - ВКФ же Фонд) төрагасы, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Төлөмүшевич Сыдыков Кеңештин кезексиз он жетинчи жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга катышкандар төраганын орун басары, соода кенешчи, Венгриянын Астанадагы посольствосунун биринчи секретары Золтан Нитраи; Советтин мучесу, Венгриянын Ташкенттеги посольствосунун экономикалык атташеси Ковач Мартон; Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Сүйналиев Руслан Мырзабекович жана Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Эркинов Темирбек Эркинович.
Жыйындын күн тартиби боюнча фонддун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов, анын орун басары Канат Курманов жана башкармалыктын мүчөсү Нагира Шаршеева баяндама жасашты. Жыйынга Кредиттик жана инвестициялык башкаруу кызматынын эксперти Бахтияр Султанов жана Финансы жана аналитика кызматынын менеджери Урмат Кыдырганов чакырылган.
Күн тартибинин алкагында Кеңеш мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшүн талкуулап, тапшырмаларды берди; Фонддун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алды; Кредиттик жана инвестициялык саясатка, Фонддун Кеңешинин иши жөнүндө жобого жана Фонддун кредиттик комитети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизди; Фонддун эсепке алуу саясатын бекитти; 2024-жылы ВКФРдин каражаттарынан каржыланган операциялардын натыйжалуулугу жөнүндө Башкармалыктын отчетун бекитти; 2024-жылдын бюджетинин аткарылышын, 2025-жылга иш планын, Фонддун 2025-жылга бюджетин жана 2025-жылга Кеңештин кезектеги жыйындарынын графигин бекитти.Кеңештин «Башка» бөлүмүндө каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды, ошондой эле потенциалдуу инвестициялык долбоорлордун келечеги каралды.