Loading...

Венгрия–Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду жазгы шейшембиликке катышты

2025-ж., 19-апрель
Постту бөлүшүү:

2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин борбор калаада аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча шейшембиликтер өткөрүлүүдө.

Ушул иш-чаранын алкагында 2025-жылдын 19-апрелинде Венгрия–Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунун (мындан ары – Фонд) жамааты жалпы шаардык шейшембиликке катышты. Бул иш-чаралар калктуу конуштардагы ар кандай аймактарды ирээтке келтирүү, таштандыларды бөлүп чогултуу маданиятын жайылтуу жана коомчулуктун экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Фонддун кызматкерлери офис жайгашкан имараттын айланасын тазалап, иретке келтиришти. Фонддун жамааты ар жылы салттуу түрдө шейшембиликке катышып келет. Бул аракет Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга карата тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча натыйжалуу инфратүзүмдү түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык жүзөгө ашырылууда.

Фонд экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар чөйрөсүн көрктөндүрүү иштерине салым кошууну улантып, туруктуу өнүгүүгө багытталган мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен кызматташууну улантат.