ВКӨФ кызматкерлеринин венгриянын айыл чарба жана табигый илимдери университетинин “MATE” өкүлдөрү менен жолугушуусу
03-апрелинде Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (мындан ары – Фонд) жайгашкан кеңсесинде, Фонддун кызматкерлери менен венгриянын айыл чарба жана табигый илимдер университети “MATE” өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.
Венгриянын “MATE” айыл чарба жана табигый илимдери университетинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарынын максаты – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу жана эки окуу жайдын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле айыл чарба жана айыл чарба илимдери жаатында венгер-кыргыз мамилелерин чыңдоо.
Жолугушууга катышкандар: - “MATE” университетинин Эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү кеңсесинин директору – David Bekesi; - «MATE» университетинин эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү кеңсесинин директорунун орун басары – Gergo Peter Kovacs; - К.И. Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин эл аралык байланыштар жана инвестиция тартуу боюнча проректору – Төлөбекова Айжан Муратбековна; - Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коммерциялык атташеси – Andrej Bukai;Жолугушууда тараптар Кыргызстандын айыл чарба илимдерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн, айыл чарба тажрыйбаларын жакшыртуу жана өлкөлөр ортосундагы билим алмашуу үчүн мамилелердин маанисин белгилешти. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган биргелешкен аракеттердин артыкчылыктуулугу.
Жыйында Фондун өкүлдөрү болду: - Башкармалыктын төрагасы – Сарбанов Улан Кытайбекович; - Башкармалыктын төрагасынын орун басары – Курманов Канат Маратбекович; - Башкармалыктын мүчөсү – Шаршеева Нагира Ниязбековна; - Кредиттөө жана инвестициялоо кызматынын эксперти – Кыштообеков Мелис Жамгырбекович.