Loading...

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун экинчи Улуттук ыктыярдуу серептөөсүн талкуулоо боюнча улуттук консультацияга катышуу тууралуу

2025-ж., 28-март
Постту бөлүшүү:

2025-жылдын 28-мартында «Орион» мейманканасынын «Каркыра» залында «Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун экинчи Улуттук ыктыярдуу серептөөсүнүн долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультация» аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын, Жогорку Кеңешинин жана эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чаранын катышуучуларына төмөнкү өкүлдөр кайрылуу жасашты: Кыргыз Республикасынын экономика министринин биринчи орун басары Ч. Сейитов, Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве, Улуттук статистика комитетинин биринчи орун басары Н.К. Керималиева, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков жана Султанбай Айжигитов.

Спикерлер Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти. Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунан бул иш-чарага Финансы жана аналитика кызматынын менеджери Урмат Кыдырганов катышты.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын июль айында Нью-Йоркто БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Жогорку деңгээлдеги саясий форумунда сунуштоону пландап жаткан экинчи Улуттук ыктыярдуу серептөөгө даярдануу алкагында өткөрүлдү. Катышуучулар ТӨМдү ишке ашыруудагы жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүү келечегин, ТӨМдүн аткарылышын жана эл аралык каржы институттары менен кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.