Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Бизнес-билим кербени: региондордо ишкерлерди колдоо
25-мартынан 22-апрелине чейин республиканын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгы жана JIA бизнес-ассоциациясы менен өнөктөштүктө уюштурган “Бизнес-билим кербени” масштабдуу маалыматтык кампаниясы өткөрүлөт.
Акциянын максаты - ишкерлердин өлкөдөгү негизги реформалар, анын ичинде салык реформалары, эмгек мыйзамдары, жеке менчикти коргоо механизмдери, аймактарды өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.
Чакан жана орто бизнести жеткиликтүү финансылык продуктылар жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоого өзгөчө көңүл бурулат. Кампаниянын алкагында консультация сессиялары камтылган, анда финансы институттарынын өкүлдөрү ишкерлерге жеке консультацияларды беришет. Иш-чарага Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунан Фонддун кредиттөө жана инвестициялоо кызматынын эксперттери катышат:
• Мелис Кыштообеков (25-мартта – Жалал-Абад, 26-мартта – Ош жана 27-мартта – Баткен); • Нурбек Азыгалиев (1-апрель – Нарын, 3-апрель – Каракол жана 8-апрель – Талас); • Амантур Айдаров (10-апрель – Токмок, 15-апрель – Кара-Балта жана 22-апрель – Бишкек).