Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоорду талкуулоого катышуу женунде
Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги “Парк-Отел” мейманканасында Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору боюнча коомдук угуулар болуп өттү. Уюштуруу комитетинин чакыруусу менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов катышты.
Жыйындын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр боюнча башкармалыктын начальниги Ташбеков Нурбек Кудайбердиевич жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейитов Чоро Сейитович кайрылышты. Иш-чаранын программасында Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча төрт негизги презентацияны талкуулоо камтылган: 1) экономикалык блок (индустриялаштыруу, регинальдык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика борбору); 2) кайчылаш артыкчылыктар; 3) социалдык блок (эмгек ресурстары, билим берүү, саламаттыкты сактоо) жана 4) жаңы горизонттор.
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору стратегиялык менеджмент консалтинг боюнча адистешкен эл аралык Boston Consulting Group компаниясынын эксперттер тобунун жардамы менен иштелип чыккан. Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууга көмөк көрсөткөн Boston Consulting Group компаниясынын эксперттер тобун Андрей Лукьянов жетектеген.
Шилтеме: Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору төмөнкү шилтемеде: https://mineconom.gov.kg/ky/post/10836