Loading...

Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун 2025-жылдарга карата финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн аудитордук уюмду тандоо жөнүндө жарыя.

2025-ж., 4-март
Постту бөлүшүү:

Венгрия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду (мындан ары – Фонд же ВКӨФ) 2025-жылга карата Венгрия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунун каржылык отчеттуулугун аудиттен өткөрүү кызматын көрсөтүү үчүн аудитордук уюмду тандоо боюнча ачык тендер жарыялайт. Бардык кызыкдар талапкерлер өздөрүнүн тендердик арыздарын 17.03.2025 ж. саат 18:00гө чейин (GMT+6, Бишкек убактысы) info.hkdf.kg электрондук дарегине «Каржылык отчеттуулукту аудиттен өткөрүү кызматы» деген тема менен жөнөтө алышат.

Тендердин шарттары тууралуу толук маалымат Фонддун расмий веб-сайты www.hkdf.kg дарегинде жана ачык тендерге катышуу боюнча чакырууда, ошондой эле аудитордук уюмга коюлган талаптар тууралуу маалыматта берилген (тиркемелерди караңыз).

Кошумча маалымат алуу үчүн жумуш күндөрү саат 9:00дөн 12:00гө жана 13:00дөн 18:00гө чейин +996 312 626 342 / +996 990 626 342 телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот. Тендердик арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 иш күн калгандан кечиктирбестен кайрылуу зарыл.

  • Приложение №1,2,4.
  • Требование к участнику
  • Техническое задание