Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өлкөлүк кеңсеси менен болгон жолугушуу жөнүндө
Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун кеңсесинде Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү менен иш жолуктушуу болуп өттү. Талкууга Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов жана Финансылык жана аналитикалык кызматтын менеджери Урмат Кыдырганов катышты. ФАО тараптан Кыргыз Республикасындагы өкүл Олег Гучгельдыев жана өкүлдүн жардамчысынын милдетин аткаруучу Каныкей Улан кызы катышты. Жолугушууда ФАОнун негизги иш багыттары, анын ичинде мал чарбачылыгы жана агрокультура тармагындагы чакан бизнести колдоо, ошондой эле уюмдун Кыргызстандагы учурдагы программалары талкууланды. Тараптар кызматташтыкты түзүүгө кызыктар экенин билдиришти.
ФАО өкүлдөрү Фонддун каржылоо шарттары жана долбоорлорду тандоо критерийлери менен таанышып, ишкерлерди жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган демилгелерин сунушташты. Жолугушуунун жыйынтыгында мүмкүн болгон кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу жана конкреттүү багыттарды аныктоо үчүн мындан ары маалымат алмашууну улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.