Loading...

«Кара Шоро» кичи ГЭСинин курулуш долбоорду каржылоо жөнүндө

2024-ж., 24-декабрь
Постту бөлүшүү:

2024-жылдын 24-декабрында Фонддун конференц-залында жаңылануучу энергия тармагындагы маанилүү окуяга арналган иш-чара өткөрүлдү. ОсОО «ЖазыГидро» компаниясы тарабынан 14 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик линиянын алкагында 8 миллион АКШ долларына биринчи субкредитти алуу жана кубаттуулугу 15,6 МВт болгон «Кара Шоро» кичи ГЭСинин курулушу боюнча долбоор ишке ашырыла баштагандыгы белгиленди.

Иш-чарага Фонддун Башкармасынын төрагасы, долбоорду каржылоого даярдоо процессине катышкан кызматкерлер жана «ЖазыГидро» компаниясынын жетекчилиги катышты. Жолугушуу учурунда энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган долбоордун негизги аспектилери айтылды. ОсОО «ЖазыГидро» компаниясынын башкы директору – Зулушов Рыскул Токторалыевич долбоордун каржыланышы региондун туруктуу өнүгүүсүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошорун белгиледи. Жолугушууга катышкандар «Кызматташтык жөнүндө келишимдин» алкагында мындан аркы кызматташтык перспективаларын да талкуулашты.

Фонд «Кара Шоро» кичи ГЭСинин курулуш долбоору кыргыз жана венгер тараптардын жаңылануучу энергия булактары тармагындагы демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырууда бизнес түзүмдөрдүн жемиштүү кызматташтыгынын үлгүсү болуп, венгер-кыргыз инвестициялык жана соода-экономикалык мамилелеринин ырааттуу өнүгүүсүнө дагы бир кадам болоруна ишеничин билдирди.