Loading...

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынына Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду катышты

2024-ж., 13-декабрь
Постту бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын батыш залында фракция лидери Сыдыков Бактыбек Үсөновичтин төрагалыгы алдында “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйыны өттү.

Отурумдун күн тартибинде эки маселе – инвестиция тартуу саясатын ишке ашыруу жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү каралды. Фракция депутаттары инвестицияны тармактык жана региондук бөлүштүрүү, алардын экономиканын өсүшүнө тийгизген таасири, жумушчу орундарын түзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине, Ысык-Көл облусунда жана республиканын башка аймактарында долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу, Эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүнө, региондук жана эл аралык финансы институттары менен өз ара аракеттенүү, өнүктүрүү фонддору тарабынан долбоорлорду каржылоонун критерийлерге жана шарттарга өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев инвестициялык саясатты ишке ашыруунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары тууралуу маалымат беришти. Жыйынга чакырылган Бакыт Курманбеков (Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду), Азиз Аалиев (Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду), Алмаз Мамбетов (Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду) жана Улан Сарбанов (Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду) суроолоруна жооп беришти.