Улуттук суу форумуна катышуу тууралуу
Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары – Фонд) «Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарын башкаруу климаттын өзгөрүш шарттарында жана Ысык-Көлдү сактоо» (мындан ары – Форум) аттуу Улуттук суу форумуна катышып жатат. Форум Ысык-Көл облусундагы «Байтур» пансионатында өтүүдө. Фондду башкарманын төрага орун басары Канат Курманов өкүлү катары катышууда.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурган.
Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрага орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев куттуктоо сөзүн айтты.
Форумдун максаты – климаттын өзгөрүш шарттарында Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо.
Форумдун спикерлери катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, министрликтердин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУ жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана башкалар белгиленген.