Loading...

Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кеңештин кезексиз он бешинчи жыйналышы жөнүндө

2024-ж., 1-ноябрь
Постту бөлүшүү:

2024-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Джолдошевич Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) Кеңешинин кезексиз он бешинчи отуруму өткөрүлдү. Жыйын Кеңештин жаңы мүчөсү – КР Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркиновду тааныштыруу менен ачылды. Он бешинчи жыйынга Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Акжолов Нурбек Акжолович, ал эми венгер тараптан — Кеңештин төрагасынын орун басары Нитраи Золтан жана Кеңештин мүчөсү Ваник Янош катышты.

Фонддун Кеңеши Кредиттик-инвестициялык саясатка өзгөртүү киргизүүнү да, кубаттуулугу 15,6 МВт болгон «Кара Шоро» чакан ГЭСинин курулуш долбоору үчүн 14 000 000 (он төрт миллион) АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик линияны ачууну да жактырды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча фонддун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов жана фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Канат Курманов баяндама жасады. Жыйынга Кредиттик жана инвестициялык администрациялоо кызматынын эксперти Нурбек Азыгалиев жана Финансы жана аналитика кызматынын менеджери Урмат Кыдырганов чакырылган.