Аймактык форум тууралуу “Жашыл экономика – 2024: Борбордук Азияны өнүктүрүүнүн жашыл жолу 2024”
Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) Дасмия этно-комплекс Бишкек шаарында өтүп жаткан "Жашыл экономика - 2024": "Борбордук Азияны өнүктүрүүгө жашыл жол 2024" форумуна (мындан ары - Форум) катышууда. Фонддун атынан Кредит жана инвестиция кызматынын эксперти Амантур Айдаров катышууда.
Форумдун негизги максаты - жашыл энергетика, туруктуу туризм, жашыл курулуш, таштандыларды башкаруу секторлорунун мисалында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жашыл экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча кызматташуусун бекемдөө жана аларды өнүктүрүү үчүн аймактык масштабдагы потенциалдуу демилгелерди аныктоо, макулдашылган алга жылдыруу жана биргелешип ишке ашыруу.
Форумдун спикерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Э.Д., Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, «ЖИА» Бизнес Ассоциациясынын, Борбордук Азиянын Аймактык экологиялык борбору, Евразия өнүктүрүү банкы, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, ЦАРЭК институту, USAID экономикалык аппараты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, башка эл аралык жана эки тараптуу өнүктүрүү институттары, тиешелүү кесиптик бирикмелер жана уюмдардын жетекчилигинин өкүлдөрү бар.